Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Ооганстанда "Ал-Каиданын" бир колбашчысы жок кылынды


Ооганстандын картасы.
Ооганстандын картасы.

Ооганстандын расмий адамдары билдиргендей, өлкөнүн түштүгүндө жана чыгышында жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында "Ал-Каида" радикал уюмунун ондогон кол башчылары, анын ичинде жогорку лидер деп саналган Омар Хетаб жок кылынды.

Улуттук коопсуздук башкармалыгы 5-декабрда тараткан билдирүүдө бул экстремисттик топтун 80дей мүчөсү жок кылынганын, отузга чукулу колго түшкөнү кабарланат. Операцияны Ооганстандын армиясы менен НАТОнун коалициялык күчтөрү чогуу өткөрүшкөн.

Билдирүүгө караганда, Омар Мансур деген ысым менен таанымал Омар Хетаб "Аль-Каиданын" экинчи жогорку даражалуу лидери болгон. Ал Пакистанда, Индияди, Бирмада жана Бангладеште бийликти кулатып, алардын аймагында ислам халифатын түзүүгө убада бери жүргөнү менен белгилүү.

Аскердик операция качан өткөрүлгөнү маалымдалган жок. Ооганстандын Чалгын кызматы кошумчалагандай, өлкөнүн түштүгүндөгү Забул вилайетинде, ошондой эле чыгыштагы Газни жана Пактия провинцияларында "Ал-Каиданын" беш базасы жок кылынды.

XS
SM
MD
LG