6-декабрда мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5;
Таласта түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7;
Баткенде түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...+5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...+4;
Нарында түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2;
6-декабрда Бишкекте мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт, туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3- 8 метрди түзөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6...-8, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2° суук болот.