Каракол шаарында бир сутканын ичинде баңгизат кылмыштуулугу боюнча 3 факты катталганын "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, 30-ноябрь күнү милиция кызматкерлеринин жана түндүк бажы кызматынын кинологдорунун ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз баңгизат сактоо боюнча шек туудурган үйлөрдө санкциялык тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгында кызматтык иттин жардамы менен Каракол-Пристань айылынын 49 жаштагы тургуну Р.Фархаттан (мурда соттолгон) 40 грамм марихуана, Каракол шаарынын 23 жаштагы тургуну Д.Эрмектен (мурда уурулук боюнча соттолгон) 25 грамм жана 23 жаштагы Б.Евгенийден 1 килограмм 600 грамм марихуана табылып алынды.
Бул 3 факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин ("Башкага берүүнү көздөбөстөн баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү") негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. (AsM)