Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Киевде Саакашвилини тарапташтары бошотуп кетишти


Михаил Саакашвили тарапташтарынын курчоосунда.
Михаил Саакашвили тарапташтарынын курчоосунда.

Киевде Михаил Саакашвилини анын тарапташтары Украинанын Коопсуздук кызматынын автоунаасынан бошотуп кетишти. Саакашвили өзү андан кийин топтолгон элди "Майданга барып, Украинаны президент Петро Порошенконун "бандасынан" куткаруу процессин баштоого" үндөдү.

Ушул тапта саясатчы өз тарапташтары менен кошо Жогорку Раданы көздөй багыт алды. Ар кандай маалыматтар боюнча жүрүшкө миңдей адам катышууда. Алар "Киев, ойгон"!" деп кыйкырып баратышат.

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвилини эртең менен Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап кетишкен. Анын үйүндө тинтүү да жүргүзүлгөн. Саакашвили башында турган "Жаңы күчтөр кыймылы" эки күн мурда Киевде президент Петро Порошенконун импичментин талап кылган чоң митинг өткөрүп, ага миңдеген жарандар чыгышкан.

2004-2013-жылдары Грузиянын президенти болуп турган Саакашвили мекенинде кызматтан кеткенден кийин "төңкөрүш уюштурууга аракеттенген" деп шек саналууда. Бирок ал өзү расмий Тбилисинин мындай дооматтарын четке кагып келатат.

2015-жылы болсо аны Порошенко Одесса облусунун губернатору кылып дайындаганда Грузиянын жарандыгын тапшырган.

Бирок былтыр ноябрда мамлекет башчынын өнөктөштөрү анын ишине тоскоолдук кылышканын билдирип, кызматтан баш тарткан.

Андан кийин Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан да ажыратып салган.

XS
SM
MD
LG