Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:02

Ошто мечиттин жанындагы шектүү чемодандан жарылуучу зат табылган жок


Оштогу Рабат Абдуллахан мечити.
Оштогу Рабат Абдуллахан мечити.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов "Азаттыкка" билдирди. Ал кабарлагандай, Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан Рабат Абдуллахан мечитинин жанында чемодан жатканын жана анда жарылуучу зат болушу мүмкүн экени ички иштер органдары ӨКМге билдирген.

Кырсыктын алдын алууга саат 15:43тө ӨКМдин Ош шаардык бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Алар окуя болгон жерде Ош шаардык ИИБнин кызматкерлери менен кошо иш алып барышкан. Жыйынтыгында ал жерде жаткан чемоданда эч кандай жарылуучу же зыян алып келүүчү зат болбогону аныкталган. Куткаруучулар туруктуу ордуна кайтышты.

Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков да ырастап, чемоданды шаарга конокко келген аял жоготуп жибергенин, аны бирөө таап алып мечитти алдына атайын калтырганын билдирди. "Кийин чемодандын ээси келип өз буюмун алып кеткен" деди ал. (ErN)

XS
SM
MD
LG