Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Литвада киши колдуу болгон кыргызстандыктын жакындары изделип жатат


Николай Хлебаев жана анын автоунаасы.
Николай Хлебаев жана анын автоунаасы.

Литвада өлтүрүлгөн кыргызстандык айдоочу Николай Хлебаевдин жакындары изделип жатат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, маркумдун жакындарын издөө иштерин Беларустагы консулдук Литванын полициясы менен чогуу жүргүзүүдө.

Айдоочунун өлүмү боюнча тергөө иштери да уланып жатат. Туугандары табыла электигине байланыштуу сөөктү мекенине жөнөтүү аракеттери баштала элек. Бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык 64 жаштагы айдоочу Николай Хлебаевдин сөөгү 3-декабрда Литванын Каунас-Клайпед жолунда машинесинин ичинен табылган. Анын киши колдуу болгону аныкталган. Кылмышка шектүүлөр кармалган.

Кыргызстандын Литвада элчилиги жана консулдугу жок болгондуктан, Хлебаевдин өлүмүнүн чоо-жайын Беларустагы элчилик иликтөөгө алган.

XS
SM
MD
LG