Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:36

VISA компаниясы Түркмөнстан банктарын тейлөөнү токтотту


Эл аралык VISA төлөм системасы Түркмөнстандын банктарын тейлөөнү токтотту.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы өз булактарына таянып кабарлагандай, буга банктардын VISA компаниясына карыз болушу, түркмөн бийлигинин төлөм карталарга бир топ чектөөлөрдү киргизиши түрткү берген.

VISA картасын чет өлкөгө чыккан жана балдары башка мамлекеттерде билим алган түркмөн жарандары кеңири колдонуп келген.

VISA карталарына чектөөлөр мурун эле киргизилсе да жыл сайын катаалдашып бараткан болчу. Акыркы бир нече аптадан бери айрым түркмөн кардарлары бул системаны такыр эле колдоно албай калышкан. Өткөн айда бийлик "төлөм карталарынан бир күндө 50 доллар гана алса болот" деген эреже киргизген.

XS
SM
MD
LG