Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Сооронбай Жээнбеков милицияны коррупциядан тазалоону талап кылды


Президент Сооронбай Жээнбеков 5-декабрда ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды.

Президентке кылмыштуулукка каршы күрөш, ички иштер органдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу, укук коргоо органдарында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берилди.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Жээнбеков ички иштер органдары жалпысынан алдыга коюлган милдеттерин жакшы аткарып жатышканын, ишинин негизги көрсөткүчтөрүнүн динамикасы жакшы жыйынтыктарды ырастаганын белгиледи. Ошол эле учурда эл арасында сурамжылоо ички иштер органдарына дале нааразылык бар экенин, милиция кызматкерлеринин ишине же кайдыгерлигине байланыштуу даттануу көп түшкөнүн көрсөткөнүн айтты.

«Укук коргоо органдарындагы айрым коррупциялык көрүнүштөр нааразылыкты жаратып, кыргызстандыктардын сын-пикирлерине туш болуп жатат», - деген Жээнбеков Улан Исраиловдон милициянын катарын коррупциядан арылтып, тазалоо боюнча конкреттүү жана катуу чара көрүүнү талап кылды.

Мындан тышкары президент Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын түзүү жолдордогу абалды жакшыртышына үмүт артып жатканын билдирди. Ал инспекторлордун айдоочулардан акча өндүрүшү боюнча жарандардын арыздары бар экенин айтып, министрге балдарга карата кылмыштарга каршы күрөшүү, жер-жерлерде, аймактарда укук тартибин чыңдоо боюнча тапшырмаларды берди.

XS
SM
MD
LG