Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:53

Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгы белгиленди


Эскерүү кечесине акындын уулу Медер Алыбаев катышты.
Эскерүү кечесине акындын уулу Медер Алыбаев катышты.

Бишкекте Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгына арналган жолугушуу өттү. Шаардык китепкана уюштурган иш-чарага акындын уулу Медер Алыбаев, Кыргыз улуттук университетинин окутуучулары жана студенттери катышты.

Акындын басып өткөн өмүр жолу, чыгармачылыгы тууралуу кеңири баяндар айтылып, пикир алмашуу жүрүп, анын ырлары көркөм окулуп, "Акчүч" чыгармасынан үзүндү көрсөтүлдү. Ошондой эле тематикалык китеп көргөзмө уюштурулду.

Акын, драматург жана котормочу Мидин Алыбаев 1917-жылы Жумгалда туулган. 1959-жылы 42 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG