6-декабрь күнү Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарынын "Октябрдын 60 жылдыгы" көчөсүндө автоунаа күйүп жатканы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине келип түшкөн. Окуя болгон жерге Панфилов райондук №2 өрткө каршы бөлүмүнүн кызматкерлери барып, өрттү толук өчүрүшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, өрт таңкы саат жетилерде катталып, тогузга жакын толук өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда. Автоунаанын үлгүсү жана ээси тууралуу маалымат айтылган эмес. Иш боюнча милиция да иликтөө иштерин баштады. (ErN)