Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:00

Кадамжайда сүттү кайра иштетүүчү завод ачылды


Завод жана анын өндүрүмү.
Завод жана анын өндүрүмү.

Кадамжай районунун Марказ айылында “Рахат-Тан” аттуу сүттү кайра иштетүүчү завод ачылды. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Аким Кааров билдирди.

Ишкана күнүгө бир тоннага чейин сүт иштетип, жумасына беш-алты тоннадай сүт азыктарын өндүрүүдө. Ал негизинен быштак, каймак, айран, сыр жана башка сүт азыктарын чыгарат. Өндүрүм азырынча Кадамжай районунун аймагына сатылууда. Ишкана өкүлдөрү билдиргендей, завод өндүргөн товарлар ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келет.

Заводго ээлик кылган “СельХозЛидер” соода маркасы жана “Кайрат” фермердик чарбасы чийкизаттын тең жарымын өз карамагындагы малдан алса, калганын жергиликтүү калктан чогултууда.

Ишкана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан алынган жеңилдетилген насыянын эсебинен курулган. Заводдун курулушуна жана аны заманбап жабдуу менен камсыз кылууга жалпысынан 8,5 млн. сом жумшалган. Ишканада жети адам иштеп жатат, жумушчулар дагы көбөйүшү мүмкүн.

Расмий өкүлдөр кабарлагандай, Кадамжай районунда жыл сайын 40 миң тоннадай сүт өндүрүлөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG