Түркмөнстан коңшусу Иранга табигый газ берүүнү быйыл жыл башынан бери токтоткон. Ал буга мурда алган көгүлтүр отун үчүн 1,8 миллиард доллар карыз болуп калганын жүйө келтирген.
Эми Түркмөнстандын мамлекетке караштуу “Түркмөнгаз” компаниясынын башчысы Мурат Арчаевдин билдиргенине караганда, бул талаш боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктады.
Иран маселени эл аралык арбитраждык сотто кароону сунуш кылган. Түркмөнстандын мамлекеттик кабар агенттиги маалымдагандай, президент Гурбангулы Бердымухамедов Ирандын сунушун кабыл алууга көрсөтмө берди.
Түркмөнстан Иранга газды 1997-жылы эле түзүлгөн келишимге ылайык сатып келген, бирок кыш мезгилинде бааны мезгил-мезгили менен көтөрүп турчу. Маселен, 2006-жылы бааны тогуз эсе кымбаттатып, кышында газ берүүнү токтотуп да койгон. Иран анда кыска убакытка Ашхабаддын талабына көнүүгө аргасыз болгон.
Учурда Түркмөнстандан Иран менен катар Орусия да газ албай турат. Ашхабаддын азыр газ сатып алган жалгыз жана башкы кардары - Кытай. (UE)