Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

Жети-Өгүздө капка катылган курал-жарак табылды


Жети-Өгүз.
Жети-Өгүз.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда капка салынган курал-жарак табылды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин билдиргенине караганда, окуя 4-декабрда болгон. Райондук милицияга маалымат Чек ара кызматынан келип түшкөн.

Чек ара кызматынын жоокерлери Ак-Шыйрак өрөөнүнүн Кара-Аска жергесиндеги асканын түбүнөн капка салынган ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралдан эки даана, ошондой эле 20- жана 16-калибрдеги сайсыз ок атуучу курал таап алышканын билдиришкен.

Учурда бул ишти райондук ички иштер башкармалыгы териштирип жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG