Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Шыкмаматовдун соту 13-декабрга калды


Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевди коргоо митингинде.
Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевди коргоо митингинде.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту 13-декабрда уланмай болду. Бүгүнкүгө пландалган сот отуруму анын адвокаты Чынара Жакупбекова ооруп келбей калганына байланыштуу өткөн жок. Бүгүн тараптардын жарыш сөзү башталмак.

Шыкмаматов 20-ноябрда жүрөк оорусуна байланыштуу бейтапканага жатып чыккан. Соттук жараян депутаттын оорусунан улам жылып, бүгүнкүгө белгиленген.

Буга чейинки териштирүүлөрдө кылмыш ишин козгоого негиз берген автоунаа баасы боюнча мамлекеттик жана жеке эксперттер күбө катары суралып, иштин материалдарын изилдөө аяктаган.

Алмамбет Шыкмаматовго козголгон ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат. Башкы прокуратура Шыкмаматов баштаган бир нече кишиге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгогон. Аларга "2011-жылы өз ара сүйлөшүп алып, кызматтык автоунаа сатып алыш үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган.

Шыкмаматов аялы саткан автоунаанын баасы жогорулатылганы тууралуу айыптарды четке кагып, муну "саясий куугунтук" деп баалап келет. (NT)

XS
SM
MD
LG