Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

Абдыгулов чет элдик ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды


Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

Бүгүн Бишкекте инвестициялык форумда сүйлөп жатып вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов чет элдик ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды:

- Евразия экономикалык биримдигине кошулуунун жана Евробиримдиктин базарына бажы төлөмү жок кирүүгө мүмкүнчүлүк берген ВСП+ макамын алуунун натыйжасында Кыргызстандын жалпы калкы 700 миллион адамга жеткен базарга чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстан - Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен ВСП+ макамын алган жалгыз өлкө.

Абдыгулов ошондой эле эл аралык "Doing Business" ("Ишкерлик жүргүзүү") рейтингинде Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 77-орунда экенин кошумчалады. Өкмөт Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу, жеке менчикти коргоо жана инвесторлорго тоскоолдук жараткан бюрократиялык кыйынчылыктарды жоюу максатында бардык чараларды көрүп жатканын билдирди.

"Doing Business" рейтингинде Кыргызстан бир жыл мурда 75-орунда болуп, абалы быйылкыдан эки баскычка жакшыраак болчу.

Быйыл Бишкек инвестициялык форумуна (BIF) жалпысынан 200 долбоор келип түштү. Алардын он бири бүгүн Бишкекте презентация болуп жатат.

Бул долбоорлор негизинен айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүүгө, экспорттук товарларды өндүрүүгө, тейлөө тармагына, курулушка жана башка тармактарга багытталган.

Быйылкы форумга Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан, Индиядан, Түркиядан, Германиядан жана Сингапурдан бизнесмендер келген.

BIF форуму алгачкы жолу 2015-жылы өткөрүлүп, жыйынтыгында ондон ашуун компания арасында 750 миң долларлык, былтыр болсо 3 млн. доллардан ашуун суммадагы келишимдерге кол коюлган. (ZB)

XS
SM
MD
LG