Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Орусияга бараткан 76 тонна азык-түлүк Кыргызстан менен Казакстанга кайтарылды


Жашылча-жемиш саткан кыргызстандыктар. Иллюстрация.
Жашылча-жемиш саткан кыргызстандыктар. Иллюстрация.

Декабрь айынын башынан бери Орусияга Кыргызстан менен Казакстандан барган 76 тоннадан ашык азык-түлүк киргизилген эмес. Бул тууралуу Россельхознадзордун Новосибирск облустук башкармалыгынын расмий сайты жазып чыкты.

Жүк «Карасук» өткөрмө бекетиндеги фитосанитардык көзөмөл бекетинде кармалган. Азык-түлүк Новосибирск, Абакан, Улан-Уде жана Иркутск шаарларында сатылмак.

Россельхознадзор мекемеси курма, алма, лимон, бадыраң, коон, анар, күрүч, ит мурундун мөмөсү, өрүк данектери, жер жаңгак жана жаңгак фитосанитардык коопсуздукту ырастоочу документтери жок болуп чыкканын кабарлайт . Азыктарды Орусиянын аймагына киргизүүгө тыюу салынып, кайра артка кайтарылды.

Фитосанитардык документтеринин жоктугунан улам Россельхознадзор Орусиянын аймагына кыргыз азыктарын мурда да киргизбей койгон учурлар катталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG