Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Акыйкатчы Оторбаев Сахароводо кармалган мигранттардан кабар алды


Оторбаевдин Сахароводогу иш сапары.
Оторбаевдин Сахароводогу иш сапары.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында Сахароводогу чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайын мекемедеги мекендештердин жашоо шарты жана абалы менен таанышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы кабарлады.

Оторбаев абакта кармалып турган кыргызстандык мигранттар менен баарлашып, алардын аб-абалын билди. Ал ошондой эле адистер менен кошо аларга юридикалык кеп-кеңеш берди. Камалып жаткан кыргызстандыктар Акыйкатчыдан кыргыз мигранттарынын укугун коргош үчүн Москвада өкүлчүлүк ачууну өтүнүштү.

Сахароводо мигранттарга болгон мамилелер боюнча кыргыз акыйкатчысы ошондой эле Орусиянын адам укуктары боюнча өкүлчүлүгүнүн мигранттар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Сергей Бурлик, сот өкүлү Сергей Хренов жана убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси Иван Глинов менен да сүйлөштү.

Билдирүүдө айтылгандай, учурда бул жайда 44 кыргызстандык жаран кармалууда. Алардын 13ү эртең, 7-декабрда Бишкекке кайтарылат. Мындан бир апта мурдараак эле алардын саны 76 киши экени кабарланып жаткан.

Ноябрь айынын этегинде он чакты кыргызстандык мигрант Москвадагы Сахароводогу мекемеде көргөн зордук-зомбулук жөнүндө «Азаттык» радиосуна даттанып, ур-токмокко кабылганын, шылдыңдоого туш болгонун айткан эле.

Расмий адамдар чет мамлекеттерде иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 717 миң адам экенин айтып жүрүшөт. Алардын 615 миңи Орусияда экени айтылса, анын жарымы эле Москва шаарында иштейт. (ErN)

XS
SM
MD
LG