Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Мамдума "чет элдик агент" таанылган ММКларды жыйындарга киргизбейт


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын 6-декабрдагы отуруму.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын 6-декабрдагы отуруму.

Орус парламентинин төмөнкү палатасы бүгүн 413 добуш менен жактырган резолюцияга ылайык, орус өкмөтү “чет элдик агенттер” деп атаган АКШнын маалымат каражаттары эми анын жыйындарына кире албайт.

Бул “Эркин Европа/Азаттык” радиосу, “Америка добушу” радиосу эми Думага киргизилбейт деген сөз. Аталган эки медиа-уюмду Орусиянын Юстиция министрлиги “чет элдик агенттер” деп 5-декабрда аныктаган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Томас Кент Думанын чечими өкүнүчтүү экенин белгиледи. Мындан тышкары, ал “бул Орусияда биздин журналисттик ишибиздин дагы бир чектелиши. Бул биз Орусия элине мыйзам чыгаруу ишмердиги тууралуу эркин жана туура маалымат беришибизди татаалдаштырат” деп билдирди.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы чет элден каржыланган же четте жайгашкан маалымат каражаттарын өкмөт "чет элдик агент" катары аныкташына жол ачкан мыйзамды өткөн айда кабыл алган.

АКШ, Евробиримдик, эл аралык маалымат каражаттары жана укук коргоо уюмдары Орусиянын бул мыйзамын кескин сынга алышкан болчу. Орусиянын расмий адамдары болсо бул мыйзам АКШнын кылган мамилесине “симметриялуу жооп” экенин айтышкан.

Орусиянын өкмөттүк RT телеканалы 13-ноябрда АКШнын Юстиция министрлигинде "Чет элдик агенттерди каттоо жөнүндө" мыйзамдын негизинде кайрадан каттоодон өткөн эле.

Ал каттоодон өтүүгө милдеттендирилгенге чейин АКШнын чалгын мекемелери "RT телеканалы менен “Спутник” агенттиги орус өкмөтүнүн былтыркы президенттик шайлоого таасир тийгизүү өнөктүгү алкагында туура эмес маалыматтарды жайылткан" деген бүтүмгө келген.

Өткөн аптада RT телеканалы АКШ Конгрессиндеги аккредитациясынан ажыратылган.

Америкалык расмий өкүлдөр болсо эки өлкөнүн мыйзамдарындагы айрымачылыкка, Орусия “Чет элдик агенттер жөнүндө" мыйзамды бөлөкчө ойлонгондордун оозун жаап, идеяларды эркин алмашууга тоскоолдук кылыш үчүн колдонуп жатканына көңүл бурушкан.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу 15-ноябрдагы билдирүүсүндө “Орусиянын АКШдагы медиасы менен АКШнын Орусиядагы медиасынын абалы” кыйла айырмалана турганын белгилеген.

Ал билдирүүдө RT телеканалы менен “Спутник” агенттиги АКШда өз материалдарын ээн -эркин жайылтып жатканы, ал эми “Эркин Европа/Азаттык” радиосу “Орусияда анын берүүлөрүн таратуучу өнөктөштөрүн жоготкону, административдик кысымдан улам кабелдик түйүнгө чыга албай, радионун кабарчылары Орусияда кысымга, атүгүл кол салууга кабылып келатканы” да айтылган. (UE)

XS
SM
MD
LG