Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:55

Жээнбеков Назарбаевге ыраазычылык билдирди


Назарбаев менен Жээнбеков.
Назарбаев менен Жээнбеков.

Кыргыз тараптын демилгеси менен президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаев бүгүн телефондон сүйлөшкөнүн эки мамлекет башчынын тең маалымат кызматтары кабарлашты.

Кыргыз тараптын билдирүүсүндө мамлекет башчылар эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн “Жол картасы” боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына канааттанышканы айтылат.

Ал эми казак тарап президенттер “Жол картасынын” ырааттуу аткарылышынын маанилүүлүгүн белгилешти деп маалымдады.

Ак ордо мындан сырткары билдирүүсүндө Кыргызстандын президенти Казакстандын “мамлекет башчысына күчөтүлгөн чек ара көзөмөлү алынып, казак-кыргыз чек арасын кайтаруу күндөлүк режимге өткөнү үчүн ыраазычылык билдиргенин” кошумчалаган.

Жээнбенковдун Назарбаевге билдирген “ыраазычылыгын” кыргыз тарап кабарлаган жок.

Кыргыз-казак чек арасында айрыкча жүк тарткан унаалардын 10-октябрдан берки тыгыны 2-декабрда эки өкмөт “Жол картасы” деп аталган документке кол койгондон кийин жоюлду.

Андан мурда эки президент Минск шаарында жолукканда чек арада үч тараптуу көзөмөл орнотулуп, жүктүн өтүшүн көзөмөлдөөгө ЕАЭБдин өкүлдөрү да катышары айтылган. (UE)

XS
SM
MD
LG