Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Майлуу-Сууда 8-класстын окуучусу өз жанын кыйды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Майлуу-Суу шаарындагы №5 орто мектептин 8-классынын окуучусу Сүймөнкул Данияр уулу асынып алды. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, каза болгон окуучу түндө үйгө келген эмес. Жакындары издеп, эч жерден таппай коюшкан. Эртең менен баланын сөөгү ошол эле шаардагы чоң атасынын үйүнүн жанында газдын түтүгүнө асынган абалда табылган. Абдирасулова өспүрүмдүн өлүмүнө мектептеги чоңсунуу себепкер болгону болжолдонуп жатканын кошумчалады:

- Асынган баланын өзүнөн бир жаш улуу тууганы ага мектепте балдардан кысым болгонун, чоң класстагы балдар акча талап кылып, уруп-сабап келгенин айтты. Үйүндөгүлөргө "уруп атышат" деп айтышкан экен. Бирок ата-энеси маани бербептир. Мага жеткен алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон бала окуган класс өзүнөн чоңдорго ай сайын 700 сомдон чогултуп бериши керек экен. Жогорку класстагылар лицейдин балдарына берет экен. Класстагы балдарга бөлгөндө ар бирине 23 сомдон тийчү экен. Бала акчаны таба албай телефонун сатмакчы болуп да сата албай жүрүптүр. 6-декабрда эртең менен 23 сомду сөзсүз алпарыш керек болуп, атасынын чөнтөгүнөн акча алган экен. Канча алганын билбейм. Атасы "үйгө келгенде сүйлөшөбүз" деген экен. Баланын үй-бүлөсүн мен жакшы тааныйм, катташып жүрөм. Асынган баланы төрөлгөндөн бери билем. Аябай жоош, сабакты жакшы окуган бала болчу. Менимче, анда акча проблема пайда болгон. Ошонун артында рекеттер туруп атпайбы. Кесиптик лицейдин балдары мектептин 10-11-класстарынын окуучуларына чоңсунуп, салык салса, алар кайра өздөрүнөн кичүүлөрдү коркуткан.

Маалыматка караганда, Майлуу-Суудагы №5 мектептин жанында Электр-лампа заводунун кесиптик-техникалык окуу жайы жайгашкан. Мектептин жана сөз болуп жаткан окуу жайдын жетекчилигинен, милициядан окуя боюнча комментарий алганга мүмкүн боло элек. Өз жанын кыйган окуучунун сөөгү 7-декабрда жерге берилет.

XS
SM
MD
LG