Америкалык расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, президент Дональд Трамп бүгүн Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, АКШ элчилигин мына ушул шаарга көчүрүүгө буйрук бергенин жарыялаганы жатат.
АКШ президентинин бул маселе боюнча атайын билдирүүсү Бишкек убактысы боюнча саат 24:00го мерчемделген.
Трамптын Иерусалимдин толугу менен өзүнүн борбору катары санаган Израилдин турумун колдошу АКШнын узактан берки саясатынын кайра каралышы да болот.
Ага саясатка ылайык, Иерусалимдин макамы Израил жана Палестина ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек.
Израил өз тарабынан Вашингтондон түшкөн соңку жаңылыктарды кубаттады.
Палестина жана араб лидерлери, АКШнын чечүүчү өнөктөштөрү Трампка анын кадамынан бүткүл Жакынкы Чыгышта кыянатчылыктар жаралышы мүмкүндүгүн жана тынчтык жараяны кыйындай турганын эскертишти.
Маселен, британ премьер-министри Тереза Мэй 6-декабрда парламентте Британиянын туруму өзгөрбөгөнүн, Иерусалимдин макамын Израил-Палестина сүйлөшүп чечүүсү керектигин белгиледи.
Иерусалим боюнча бир тараптуу чарага Улуттар уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш каршы экенин анын басма сөз өкүлү маалымдады.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Трамптын күтүлүп жаткан чечимине каршылык билдирип, 13-декабрга Ислам кызматташтыгы уюмунун атайын саммитин чакырды.
Ирандын президенти Хасан Роухани Трамптын кабарланып жаткан планын “туура эмес, мыйзамсыз, чагымчыл, өтө опурталдуу” деп атап, “мусулмандар бул ири кутумга биримдикте каршы турушу керектигин” айтты.
Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббастын өкүлү Набил Абу Рдене Иерусалимдин Израилдин борбору катары таанылышы алар үчүн “кабыл алынгыстыгын”, бул “тынчтык жараянды татаалдантып, ага тоскоолдук жаратарына” токтолду.
АКШны Иерусалимдин макамын өзгөртүү боюнча чара көрбөөгө Египеттин президенти Абдел Фатах ал-Сиси да чакырган. Мындай чакырык ал-Сиси менен Трамптын телефон сүйлөшүүсү учурунда жасалганын египет тарап кабарлады.
Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң сезимтал маселеси. Палестиндер Иерусалимди алардын болчоктогу мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Израил болсо Чыгыш Иерусалимди аннексиялап, шаардын баарын өзүнүн борбору катары жарыялаган.
Бирок анын бул кадамын эл аралык коомчулук тааныган эмес жана дүйнө өлкөлөрүнүн көбүнүн элчиликтери Тел-Авивде.
Президент Трамп былтыркы шайлоо өнөктүгү учурунда Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, АКШ элчилигин ушул шаарга которууну убада кылган.
Бул аралыкта АКШнын мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон бүгүн Брюсселден президент Трамп Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянга “абдан маани берилген” жана Израил менен Палестина тынчтыкка жетишүүсүнө “эң жакшы мүмкүнчүлүк бар” деп билдирди.
Америкалык расмий өкүлдөр буга чейин Иерусалимди Израилдин борбору катары таануу - президент Трамптын шайлоо алдындагы убадасы экенин эске салып, ал бул шаардын болочок макамы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына зыянын тийгизбеши керектигин айтышкан. (UE)