Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Орус өкмөтү спортчулардын кышкы Олимпиадага катышуусуна бут тоспойт


Орусиянын Улуттук Олимпиада комитетинин кеңсеси. Москва, 6-декабрь, 2017-жыл.
Орусиянын Улуттук Олимпиада комитетинин кеңсеси. Москва, 6-декабрь, 2017-жыл.

Бул тууралуу президент Владимир Путин 6-декабрда өзү билдирди.

Анын айтымында,Түштүк Кореяда келерки жылы февралда өтүүчү кышкы Олимпиадага бейтарап макамда катышуу же катышпоо маселесин орусиялык спортчулар өздөрү чечет.

Путиндин ырастоосунда, алардын Олимпиадага баруусуна орус бийлиги каршы чыкпайт.

Эл аралык Олимпиада комитети 5-декабрдагы чечими менен Орусиянын курама командасына Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарына катышууга тыюу салды.

Анткен менен комитет кызытма чыкпаган "таза" спортчуларга Олимпиадада Орусиянын туусу астында эмес, бейтарап желек менен чыгууга уруксат берди.

Ага ылайык, эгер орус спортчулары жеңишке жетсе, Орусиянын эмес Олим оюндарынын желеги көтөрүлөт, гимни ырдалат.

Мындай чечим Лозаннада өткөн жыйында Самуэл Шмид менен Денис Освалддын баяндамасы каралган соң чыгарылды. Освалддын комиссиясы орусиялык спортчулардын 2014-жылкы Сочи Олимпиадасындагы допинг-анализдерин бурмалоону иликтеген.

Комитеттин чечимине ылайык, Орусиянын Спорт министрлигинин бир да өкүлүнө Түштүк Кореядагы оюндарга аккредитация берилбей турган болду.

Кайсы бир өлкө Олимпиададан четтетилген учурлар буга чейин да болгон. Бирок Улуттук Олимпиада комитетине кызытманын айынан тыюу салынган чечим алгач ирет чыгып отурат.

АКШнын Олимпиада комитети 5-декабрда Лозанна шаарынан жарыяланган чечимди “күчтүү жана принципиалдуу” деп мүнөздөдү.

АКШнын Допингге каршы агенттигинин башчысы, Орусияны 2014-жылдагы Сочи Олимпиадасын “карактап” кеткени үчүн айыптап жүргөн Травис Тигарт Эл аралык Олимпиада комитетинин чечимин “таза спортчулардын эң маанилүү жеңиши” деп атады.

Орусияда спортчулардын кызытма колдонушу боюнча мамлекеттик схема бар экенин аныктаган канадалык иликтөөчү Ричард МакЛарен да Эл аралык Олимпиада комитетинин 5-декабрдагы чечимин кубаттады.

Ал эми Орусиянын кремлчил саясатчылары чечимди айыптап, сынга алышууда.

Орусиянын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Александр Жуков чечимди “адилетсиз” деп баалаган. (UE)

XS
SM
MD
LG