Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:41

Парламентте көмүрдүн баасы боюнча маселе көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын түштүгүндө таш көмүр кымбаттап кетти. Бул тууралуу парламент жыйынында «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Рада Туманбаева айтып чыкты.

Анын маалыматы боюнча, Баткенде бир тонна көмүрдүн баасы 9500 сомдон ашты. Депутаттын айтымында, буга өлкөнүн түштүгүндөгү көмүр кендеринде казылган «кара алтын» коңшу өлкөлөрдө сатылып жатканы себеп болууда. Туманбаева Монополияны жөнгө салуу агенттигин бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Кыш келгени таш көмүрдүн баасы боюнча маселе көтөрүлгөн. Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков Монополияны жөнгө салуу агенттигине күйүүчү май менен көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатууга бөгөт коюуну тапшырган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG