Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:06

Ошто айыл өкмөттөрдүн киреше табуусуна байланыштуу окуу өтүүдө


Ош шаарынын жакасындагы конуш.

Ош шаарында “Айыл өкмөтү бизнес менен алектенүүгө укугу барбы?” деп аталган пресс-сессия башталды. Ага Ош облусундагы бир нече айыл округунун башчылары катышууда. Бул тууралуу Өнүктүрүү саясат институту (DPI) борборунан билдиришти.

Аталган уюмдун укуктук эксперттери Бектурган Орозбаев жана Нуржан Мамыралиева жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнүн карамагындагы имараттарды, айыл чарба техникаларын жана мүлкүн ижарага берүү, сатуу аркылуу киреше табуунун мыйзамдык негиздерин жана кесепеттерин айтып берүүдө. Алар мунун туура жана туура эмес жактарын ачуу менен маморгандын алдында коммерциялык мекемелерди түзүүнүн коркунучтуу тенденциясын түшүндүрүшүүдө.

Кыргызстандагы 453 айыл өкмөтүнүн басымдуу бөлүгү мамлекеттик бюджеттен каралган дотация алышат. Ошол себептүү көпчүлүк айыл округдун башчылары карамагындагы мүлктөрдөн ар кандай киреше табууга аракет кыла башташат. “Натыйжада жергиликтүү бюджеттеги акча каражаттары суу менен камсыздоо, таштандыларды чыгаруу, бала бакчалары жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү каржылоонун ордуна ушул сыяктуу шектүү инвестицияларга сарпталууда” деп айтылат Өнүктүрүү саясат институту тараткан билдирүүдө.

Уюмдун билдиришинче, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көбүрөөк киреше табуунун артынан сая түшүп, коррупциялык схемаларды түзүп, жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталуучу жергиликтүү бюджеттин каражаттарын башка жакка коротуп жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG