Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Исаков: "Центерра Голд" Кумтөрдүн 100 пайызын алууну сунуштады


Премьер-министр Сапар Исаков 100 күндүк ишмердиги тууралуу журналисттер менен жолугушууда билдиргенине караганда, "Центерра Голд" компаниясынын жетекчиси Скотт Перри Кумтөрдүн 100 пайызын алууну сунуштаган. Бирок мындай учурда Кыргызстан «Центерра Голддун» курамынын чыгып кетиши керек болот.

- Биз Кумтөрдү 100 пайыз "Центеррадан" алсак болот, бирок "Центеррадагы" 26 пайызды өткөрүп беришибиз керек. Эгер мен популист болсом, дароо эле мындай сунушка макул болмокмун. Бирок учурда эксперттерге бул сунушту изилдеп көрүү боюнча тапшырма бердик, чечим кабыл алына элек. Бирок ойлонуп көрсөк Кумтөр кенинин иштешине сегиз жыл гана калды. Сегиз жылдан кийин бул кен жабылат. «Центерра» болсо башка кендерди да иштетип жатат, алардан биз дивиденд алабыз. Ошондуктан, бул чечимдин үстүнөн баарыбыз ойлонушубуз керек.

Сапар Исаков учурда «Центерра Голд» Кумтөрдөн башка Америкадагы «Томсон Гриик», Монголияда жана Түркиядагы кендерди иштетип жатканын жана дагы эки кенди сатып алууга даярдык көргөнүн эске салып, бул жаатта терең ойлонуу зарылдыгын билдирди.

Ошондой эле премьер өзү жетектеген өкмөт алгач болуп Кумтөрдө экологиялык маселелерди чечүүгө маани бергенин айтып, бул жаатта «Центерра Голд» менен экологиялык келишим түзүлгөнүн билдирди. (BkA)

XS
SM
MD
LG