Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Грецияга тарыхый сапарын баштоодо. 65 жылдан бери бир да түрк мамлекет башчысы НАТО боюнча өнөктөш болгон бул кошуна өлкөгө бара элек болчу. Эрдогандын иш сапарын утурлай грек өкмөтүнүн маалымат катчысы бул сапардын маанилүү экенин белгилеп, Афины сүйлөшүүлөр иштиктүү болооруна үмүт артып жатканын айтты. Ошол эле учурда Димитрис Цанакопоулус Эге деңизинин жана аба мейкиндиктин бөлүнүшүн “жакшыртуу” жөнүндө Эрдогандын чакырыктары аймактык талаштын жанданышына алып келеринен грек өкмөтү чочулай тургандыгын билдирди.
Ал эми түрк президентинин басма сөз катчысы Ибрагим Калын Анкара бул иш сапары өз ара алакаларды “өнүктүрөт жана тереңдетет” деп ишенээрин, эки өлкөгө миграция маселесин чечүүдө чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн айтты. Жолугушууларда чөлкөмдөгү байланыштар, энергетика, ишкерлик, Түркиянын Еврошаркетке кирүү маселеси, Эге деңизиндеги талаштуу жерлер талкууланмакчы. Эрдоган ошондой эле былтыркы төңкөрүш аракетинен кийин Грецияга качкан сегиз жоокердин маселесин да көтөрүшү ыктымал.