Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Авиация колледжи институт болуп түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ишенбай Абдраимов атындагы авиация колледжи институт болуп түзүлдү. Тиешелүү токтомго премьер Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим өлкөдөгү авиациялык ишканалардын адистерге муктаждыгын эске алуу менен кабыл алынган. Буга байланыштуу мурдагы орто окуу жайдын базасында жогорку жана орто билими бар адистерди даярдаган заманбап институт түзүлөт.

Өкмөт авиация тармагын өнүктүрүш үчүн өлкөдөгү бул боюнча жападан-жалгыз окуу жайдын абалын жакшыртуу зарыл экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG