Вашингтондун шаардык кеңеши Орусия элчилигинин жанында жайгашкан аянтка оппозициялык саясатчы, маркум Борис Немцовдун атын берүү боюнча мыйзам долбоорун карады.
“Биз эч кимди күнөөлөбөйбүз. Кимдир-бирөөнүн кыжырын келтирүүнү көздөбөйбүз. Бул жөн гана улуу мекендешибизге көргөзгөн таазим”, - деди шаршембиде кеңештеги коомдук талкууда аянттын атын өзгөртүү боюнча демилгечи топтун мүчөсү кенже Владимир Кара-Мурза.
Бир кездердеги вице-премьер-министр, президент Владимир Путиндин сынчысы Немцовду 2015-жылдын февралында Москвада атып кетишкен. Анын киши колдуу болушу орусиялык оппозициячылардын оор абалына көңүл бурдурган. Саясатчынын колдоочулары ал өлгөн жерге мемориалдык такта же монумент орнотууга уруксат алууга аракеттенип, бирок Москванын бийлик өкүлдөрү бул демилгени четке кагышкан.
Июлда борбор шаардын соту чеченстандык беш кишини Немцовду өлтүрүүгө айыптуу деп таап, узак мөөнөттөргө абакка кескен.
Вашингтон шаардык кеңеши жакынкы жумаларда мыйзам долбоорун эки жолу колго салат. Жактырылса, документ Вашингтон мэринин кол коюусуна жөнөтүлмөкчү. Борис Немцов атындагы аянт АКШнын башкалаасында эмки февралда пайда болушу мүмкүн.
Буга чейин ушундай эле долбоорду республикачыл сенатор Марко Рубио сунуш кылган.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бул боюнча сенаторлорду "маркум саясатчынын атын “манипуляциялап” жатышат" деп күнөөлөгөн.