Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги 80 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Ага карата бүгүн Алыкул Осмонов атындагы китепканада конференция өттү. Бул тууралуу жыйынга катышкан кабарчыбыз билдирди.
Саамалыкта агенттиктин директору Кубанычбек Таабалдиев “Кабар” маалымат агенттигин тарыхы Кыргызстандын тарыхы менен тыгыз байланыштуу экенин белгиледи:
- “Кабар” улуттук агенттиги мамлекеттик атрибутиканын катарында турат жана буга көптөгөн тарыхый фактылар күбө: улуттук агенттиктин калыптанышы менен дүйнө мамлекетти өз алдынча саясий бирдик катары тааныды. Бүгүнкү күнү агенттик маалыматтын ишенимдүүлүгү боюнча өлкөнүн башка ЖМКлары менен бир катарда турат жана аны жайылтууда ыкчам иш жүргүзүүдө, - деди Таабалдиев.
Агенттиктин мааракесине президенттин, өкмөттүн, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ЖМК кызматкерлери, элчилер келишти. Иш-чаранын алкагында агенттиктин кызматкерлери бир катар грамоталар менен сыйланды.
“Кабар” агенттиги Кыргызстан СССРдин курамына республика болуп киргенден бир жылдан кийин 1937-жылы союздук республиканын атрибуту катары “КырТаг” деген ат менен уюштурулган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин “Кабар” деп өзгөртүлгөн. Агенттиктин жаңылыктары kabar.kg сайтында жайгаштырылат, маалымат жыйын өткөрүү залы жана телестудиясы бар. Учурда 50дөй кызматкер иштейт. (ErN)