Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Кадамжайда мылтык атуу боюнча мелдеш өттү


Мылтык атуу боюнча мелдеш.
Мылтык атуу боюнча мелдеш.

Кадамжай районунун Халмион айылынын тургуну, мергенчи Акылбек Эралиев уулунун сүннөт тоюна байланыштуу башка аңчылар арасында мылтык атуу боюнча мелдеш уюштурду. Бул тууралуу ал өзү “Азаттыкка” билдирди.

Мылтык атуу “учма бута” түрү боюнча болду. Анда атайын жабдуу асманга табак ыргытат, мергенчилер аны атып түшүрөт. Мелдешке райондун аймагында жашаган 30дай көзгө атар мерген катышты. Соңунда жеңүүчүлөргө “мыкты команда” жана “эң мыкты мергенчи” деген номинациялар берилип, аларга 10 миң сомго чейин сыйлыктар тапшырылды.

Мелдешке катышкан мергенчилердин баарынын аңчылык кылууга уруксат кагаздары, документтери бар. Иш-чарага аңчылыкты көзөмөлдөө боюнча мекеменин Кадамжай райондук башкармалыгынын адистери да катышып, мелдештин коопсуздугуна көз салып турушту. (ErN)

XS
SM
MD
LG