Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

Активисттер порнографиялык сайттарды жабууну талап кылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында бир катар активисттер порнографиялык видео тараткан интернет-сайттарга Кыргызстандын аймагында толук тыюу салууну талап кылып, маалымат жыйынын өткөрүштү.

Активисттердин бири Жоомарт Теңизбаевдин пикиринде, азыр сексуалдык видео менен сүрөттөрдү тараткан интернет-сайттар балдардын психологиясына зыян келтирүүдө:

- Порнографиялык сайттар жаш курагына карабай эле ачык турат. Мектеп окуучулары компьютерден, телефондордон ошондой сайттарга кирип, видео көрүп, аң-сезими бузулуп жатат. Ошонун айынан балдар арасында зомбулук, агрессиялык адаттар жана моралдык жактан бузулуу катталууда, - деди Теңизбаев.

Ошондуктан активисттер Кыргызстанда “жылаңач” интернет-сайттардын баарына тыюу салып, интернет-провайдерлерди ошого мажбурлоону бийликтен талап кылып жатышканын айтышты.

Буга чейин Кыргызстанда сексуалдык кызмат көрсөткөн интернет-сайттардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Шаардык прокуратуранын доо арызын Бишкектин район аралык соту канааттандырып, натыйжада жети сайтка бөгөт коюлган.

Бирок кеңселери жана хостингдери чет өлкөдө жайгашкан жүздөгөн порносайттар миң түркүн жолдор менен Кыргызстанда азыр да ишин улантып келатышат. Кыргызстанда Интернет тараткан 40тай провайдер бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG