Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:14

"Беш акындын" төртүнчү айлампасында Умар Нусувалиев жеңүүчү болду


Сынак учуру.
Сынак учуру.

30-40 жаштагы акындар таймашкан “Беш акын” теледолбоорунун төртүнчү кечесинде акын Умар Нусувалиев калыстардын эң көп упайына ээ болуп, жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин билдирди.

Сынактын бул айлампасында Афина Бакирова, Сагынбүбү Беркиналиева, Кутмырза Жакыбалиев, Гүлзина Мыйзамбекова, Умар Нусувалиевдер катышкан.

Акындар өздөрү эң мыкты деп эсептеген экиден ырын окуп, Балкар эл акыны Кайсын Кулиевдин ырын кыргыз тилине которушту. Ошондой эле алардын музыкага салынган бирден ыры ырчылар тарабынан аткарылып, акындар ыр жазгандан башка өнөрлөрүн көргөзүп, калыстардын суроолоруна жооп беришкен.

ТҮРКСОЙдун демилгеси менен 2015-жылы башталган бул долбоор алгач КТРК менен чогуу ишке ашырылып, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан. 2017-жылы өтүп жаткан жазма акындар таймашынын биринчи айлампасында Гүлжамила Шакирова, экинчисинде Салтанат Орозобекова жеңишке жетишкен болчу. Үчүнчү айлампасында өз муундаштарынын арасынан Майрамбек Токторов алдыга озгон.

Долбоордун 2015-жылдагы жеңүүчүлөрүнө ТҮРКСОЙдун диплому, Токтогул Сатылганов атындагы төш белги жана 500 доллар акчалай сыйлык берилип, алар Түркияда өткөн поэзия фестивалына катышып кайтышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG