Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:05

Бишкекте ТүркПАнын жетинчи жыйыны өтөт


Кыргызстандын парламенти.

Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жетинчи жыйыны болот. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтө турган иш-чарага аталган уюмга мүчө болгон мамлекеттердин парламенттеринин спикерлери, байкоочу катары Венгриянын вице-спикери катышат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, ТүрПАнын тарыхында биринчи жолу Өзбекстандын парламенттик делегациясы ардактуу конок катары чакырылган. Мындан тышкары, Түркмөнстандын делегациясы да келери айтылды. Иш-чарада уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгү, парламент аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө жагы талкууланат. Соңунда биргелешкен декларация кабыл алынып, ТүркПАга төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

Жыйындын алкагында спикер Дастан Жумабеков чет элдик делегациялардын жетекчилери менен жолугушат.

ТүркПА 2008-жылдын 21-ноябрында Стамбул шаарында түзүлгөн. Ага төрт мамлекет - Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын парламенттери мүчө. (NT)

XS
SM
MD
LG