Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Кадамжай: киши өмүрүн алган окуя мыйзамсыз көмүр шахтасында болгон


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков “Азаттык” радиосуна билдиргендей, 6-декабрда киши өмүрүн алган окуя уруксат берилбеген шахтада болгон. Маалыматка караганда, өз алдынча көмүр казгандар Кызыл-Кыя шаарынын тургундары. Исаков аларга мурда эскертүү берилгенин айтты.

6-декабрда Үч-Коргон айыл аймагындагы №5 көмүр казуу шахтасында Жээнбек Курбановдун белине байлаган трос үзүлүп кетип, 15 метр терендикке кулап каза болгон. 24 жаштагы маркумду бир тууган агасы алып чыккан.

Баткен облусунда мурда иштетилип, бирок токтоп турган шахталарда жарандардын өз алдынча жер алдында түшүп, көмүр казган учурлары кездешет. Быйыл жыл башынан бери аймакта көмүр шахталарындагы кырсыктардан 13 киши каза тапкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG