АКШнын Нью-Мексико штатында мектепке ок атуу үч адамдын өмүрүн алды. Мектеп штаттын Фор Корнерз районунда жайгашкан. Округдун шерифи Сан-Хуан Кен Кристенен кол салуу 7-декабрда Ацтек орто мектебинде болгонун билдирди.
Ок аткан адам да өлгөн. Бирок ал каза болгон үч кишинин арасындабы же жокпу, айтыла элек. Азыр федералдык агенттер менен полиция иликтөө жүргүзүүдө.
Америкада элге, мектептерге кол салуу маал-маалы менен болуп турат. Ноябрда Калифорния штатында кылмышкер Кевин Нил өз үйүндө аялын өлтүрүп, андан кийин ар кайсы имараттарга, башталгыч класстардын мектебинде туш келди ок аткан. Анда беш киши каза тапкан.