Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:10

Ноокатта окуучу кыздын төрөгөнү боюнча иликтөө жүрүп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы “Азаттык” радиосуна билдиргендей, 10-класстын кош бойлуу окуучусунун алты айлык баласы өлүү төрөлгөнүн Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйү милицияга кабарлаган.

Окуя Ноокат районунда болгону маалым болгон. Бирок качан болгону азырынча айтыла элек.

Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү чогултулган материалдарды Ноокат райондук милициясына өткөрүп берген. Азыр иликтөө уланууда.

XS
SM
MD
LG