Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Ошто укуктук кеңеш берүү жармаңкеси өтүп жатат


Жармаңкеден тартылган сүрөттөр.
Жармаңкеден тартылган сүрөттөр.

Ош шаарында өкмөттүк эмес уюмдардын жана муниципалдык мекемелердин адистери жарандарга акысыз укуктук кеңеш берип жатышат. Бул тууралуу жармаңкени уюштурган “Интербилим” коомдук уюмунун Ош филиалынын жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, укуктук жармаңкеде Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери, мэриянын алдындагы жашылдандыруу, суу канал, тазалык, жылуулук, социалдык муниципалдык мекемелеринин адистери, “Ош электр” ишканасынын, Ош шаардык архитектура башкармалыгынын, жалпы 30дай мекеменин юристтери жарандарды кабыл алып, аларга ар кандай консультацияларды айтып жатышат.

Буларга UNHR, Эл аралык коргоо жана көмөктөшүү уюму, “Позитивдүү фонд”, "Интербилим” жана башка эл аралык, жергиликтүү бейөкмөт уюмдар да кошулган.

Жашоочулар "Үйдү жана жерди кантип катташ керек?", "Турак-жай же башка нерсе алыш үчүн кантип каттоого туруу зарыл?" деген суроолорго жооп угушат. Алар коммуналдык кызматтар, керектөөчүлөрдүн укуктары, үй-бүлөдөгү зомбулук жана башка маселелер боюнча жардам сураса болот. Жармаңке бүгүн кечке чейин уланат.

"Акысыз укуктук кеңеш берүү күнү" аттуу акция 10-декабрь - Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк күнүнө байланыштуу өтүп жатат. Иш-чара "Үйлүү болгуң келсе, кабарлаш!" аттуу маалымат өнөктүгүнүн алкагында мерчемделген жана аны "Saferworld" уюму каржылаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG