Москванын четиндеги Сахарово чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайын мекемесинде кармалып турган 44 кыргызстандык мигранттын 16сы Кыргызстанга депортацияланды.
Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев билдирди. Анын айтымында, Орусиянын мыйзамын бузду деген кине тагылган жарандарга укуктук жардам көрсөтүлгөн. Калгандары азыр да ошол мекемеде кармалууда.
Буга чейин акыйкатчы Оторбаев чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайын мекемедеги мекендештеринин жашоо шарты жана абалы менен таанышкан эле. Бул жайда алгач 76 кыргызстандык кармалып турганы айтылса, кийин алардын саны 44 экени белгилүү болгон.
Ноябрь айынын этегинде он чакты кыргызстандык мигрант Москвадагы Сахарово миграциялык борборунда көргөн зордук-зомбулугу жөнүндө «Азаттык» радиосуна даттанып, ур-токмокко кабылганын, шылдыңдоого туш болгонун айткан эле.
Расмий адамдар чет мамлекеттерде иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 717 миң адам экенин айтып жүрүшөт. Алардын 615 миңи Орусияда экени айтылса, анын жарымы эле Москва шаарында иштейт. (BkA)