Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

ЮНИСЕФ: Бишкектеги булганган аба балдардын дем алуу органдарын жабыркатууда


Кыргызстандагы атмосферага бөлүнгөн зыяндуу калдыктар көбүнесе Бишкекке туура келет. Бул тууралуу БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) атайын баяндамасында айтылат. Баяндамада борбор калаадагы абанын булганышы балдардын дем алуу органдарынын жабыркашына таасир этип жатканы белгиленген.

“Булгаган абадан балдардын өпкө органдарына гана таасирин тийгизбей алардын өнүгүшүнө залалын тийгизиши мүмкүн”, - деп билдирди ЮНИСЕФдин өкүлү Эсен Турусбеков.

ЮНИСЕФдин маалыматы боюнча дүйнөдө17 миллиондон ашуун бала булганган аба ырайы шартында жашап келет.

Бишкектеги абанын булганып жатканы тууралуу маселе буга чейин Жогорку Кеңеште да бир нече жолу көтөрүлгөн. Бул маселе өкмөттө каралып, абаны тазалоо жааатындагы чараларды иштеп чыга турган жумушчу топ түзүү сунушталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG