Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:25

Криштиану Роналду бешинчи жолу "Алтын топко" ээ болду


Португалиялык футболчу, "Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду.
Португалиялык футболчу, "Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду.

Португалиялык футболчу, "Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду бешинчи жолу "Алтын топко" ээ болуп, аргентиналык оюнчу Леонель Мессинин көрсөткүчтөрүн кууп жетти.

"France football" журналы быйылкы жеңүүчүнүн атын 7-декабрдын кечинде Париждеги Эйфел мунарасында жарыялады. Роналду экинчи жыл катары менен атаандаштары Мессиге жана бразилиялык Неймарга "Алтын топту" алууга мүмкүнчүлүк берген жок. Бул жеңишке футболчунун өткөн сезондогу ийгиликтери себеп болду.

Криштиану Роналду өзү сүйүнүчүн жашырган жок:

- Албетте, мен кубанып турам. Бул менин карьерамдагы эң маанилүү көз ирмем. Мен бул учурду жыл сайын, сезон сайын күтөм. Өткөн жылы Чемпиондор лигасын, Ли Лиганы утканыбызга абдан кубанычтамын. Жеке оюнчулар ичинен мен Чемпиондор лигасында мыкты оюнчу да болдум.

Роналду буга чейинки "Алтын топторун" 2008-,2013-,2014 жана 2016-жылы алган. Бул абройлуу сыйлык 2007-жылдан бери Месси менен Роналдудан башка футболчуларга тие элек. Айтмакчы, октябрда Эл аралык футбол федерациясы Криштиану Роналдуну 2017-жылдын мыкты футболчусу деп тапкан.

XS
SM
MD
LG