Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:26

Ош бажысынын жетекчилигине Замирбек Карашев дайындалды


Бажы кызматы коррупцияга баткан тармактардын бири катары айтылып жүрөт.
Бажы кызматы коррупцияга баткан тармактардын бири катары айтылып жүрөт.

Ош бажысынын жетекчиси болуп Замирбек Карашев дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Карашев буга чейин “Манас” бажысынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

Ош бажысынын буга чейинки жетекчиси Нурлан Ражабалиев Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына көтөрүлгөн эле. Ал эми бул кызматта иштеп келген Райымбек Матраимов премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен өткөн айда кызматтан алынган.

Өкмөт башчы Сапар Исаков 7-декабрда журналисттер менен жолугушуусунда Райымбек Матраимовду кызматтан бошотууну бажы тармагын тартипке салуунун башталышы катары сыпаттады. (BkA)

XS
SM
MD
LG