Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Кыргызстан АКШнын Иерусалим боюнча чечимине тынчсыздануусун билдирди


Палестиндерге тилектештик билдирген демонстрациялар Жакынкы Чыгыш менен мусулмандар басымдуулук кылган башка мамлекеттерде 7-декабрдан бери өтүп жатат.
Палестиндерге тилектештик билдирген демонстрациялар Жакынкы Чыгыш менен мусулмандар басымдуулук кылган башка мамлекеттерде 7-декабрдан бери өтүп жатат.

Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси Иерусалим шаарынын тарыхый жана укуктук макамынын айласындагы акыркы кырдаал израил-палестин жаңжалынын жана Жакынкы Чыгыштагы абалдын чыңалышын шарттайт деген тынчсыздануусун билдирген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 8-декабрда тараткан билдирүүдө айтылат.

Ошондой эле билдирүүдө Кыргызстан израил-палестин мамилеси БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдери жана эл аралык укуктун негизинде жөнгө салынат деп үмүттөнөрү жазылган.

АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, Американын элчилигин бул шаарга көчүрүү ишин баштоого буйрук бергенин 6-декабрда Ак үйдө жарыялаган. Бул билдирүү палестиналыктардын нааразылыгын жаратып, эки күндөн бери Газа тилкесинде израил армиясы менен кагылышуулар уланууда.

Палестиндерге тилектештик билдирген демонстрациялар Жакынкы Чыгыш менен мусулмандар басымдуулук кылган башка мамлекеттерде 7-декабрдан бери өтүп жатат. Акциялар Түркиянын Стамбул, Анкара шаарларында, Иорданияда, Тунисте, Пакистандын Пешевар шаарында, Малазия менен Индонезия борборлорунда, Египетте өттү.

Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң талылуу маселеси.

Израил азырынча АКШ президентинин Иерусалим боюнча жарыясын кубаттаган жалгыз өлкө. Вашингтондун Евробиримдиктеги жана араб дүйнөсүндөгү негизги өнөктөштөрү бул чечимди айыпташты.

XS
SM
MD
LG