Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Экс-муфтийдин жубайы кризистик борборго кайрылганы тууралуу маалымат тарады


Чубак Жалилов. Кыргызстандын мурдагы муфтийи.
Чубак Жалилов. Кыргызстандын мурдагы муфтийи.

Интернетте мурдагы муфтий, диний ишмер Чубак Жалиловдун жубайы Гүлнур Жалилова жардам сурап "Сезим" кризистик борборуна кайрылганы тууралуу маалымат тарады. Бир баракка кол менен жазылган кайрылуунун башына Жалилованын дареги, этегине "өз колу менен жазылганы" белгиленип, кол коюлган. Ал социалдык тармактар аркылуу 8-декабрда жайыла баштады.

Кат анын өз колу менен жазылганбы же атайын уюштурулганбы, азырынча бышыкталган жок.

Кайрылуу ээси "өзүн жана балдарын жолдошунан коргоону суранган. Өмүрлүк жары аларды дайыма коркутуп келгенин, андыктан чогуу жашаганды каалабай турганын" жазган.

"Сезим" кризистик борборунун адистери уюмга кайрылган кишилер тууралуу маалымат сыр сакталарын, диний ишмердин жубайына байланыштуу эч кандай комментарий берилбей турганын "Азаттык" радиосуна айтышты.

Бул боюнча Чубак Жалиловдон жана жубайынан комментарий алганга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Чубак Жалилов ноябрдын соңунда экинчи аял алганы тууралуу билдирген. Мындан кийин Жогорку Кеңештеги айрым депутат аялдар анын айткандарын текшерип, укуктук баа берүүнү талап кылышкан. "Кылым шамы" укук коргоо борбору экс-муфтийдин аракетин мыйзам бузуу деп прокуратурага кайрылган. Бишкек шаардык милициясы диний ишмерди суракка алганы тууралуу расмий кабарланган. Анда Чубак Жалилов "биринчи аялы расмий, экинчиси сүйүктүүсү" экенин билдиргени маалымдалган.

XS
SM
MD
LG