Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Кыргызстандык туроператорлор Түркиядагы эл аралык көргөзмөгө катышууда


Кыргызстандын жаратылышын сүрөткө тартып жаткан турист.
Кыргызстандын жаратылышын сүрөткө тартып жаткан турист.

Кыргызстандагы беш туроператор фирмалары жана туристтер менен иштеген эки дестинация Түркиянын Измир шаарында өтүп жаткан эл аралык көргөзмөгө катышууда.

Travel Turkey Izmir 2017 Tourism Fair and Congress деп аталган 11-эл аралык көргөзмөгө Кыргызстан алгач ирет барды. Өлкөнүн туризм деңгээлин "Кербен Трэвел", "Трэвел Бюро", ITMC, "Табият-Тур", "Дархан Тур" фирмалары жана "Ош", "Ысык-Көлдүн тескей жээги" дестинацияларынын адистери тааныштырып жатышат. Аларга USAID уюмунун Бизнести өнүктүрүү боюнча программасы колдоо көрсөткөнүн аталган уюмдан кабарлашты.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө туроператорлор чет элдик кардарлар менен баарлашып, аларды Кыргызстанга турист болуп келүүгө чакырышат. Кыргызстандыктар улуттук буюмдар менен тамак-аштарды тартуулашууда.

7-декабрда башталган көргөзмө 11-декабрга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG