Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Саакашвили мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады


8-декабрда камакка алынган Михаил Саакашвили мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу журналисттерге анын адвокаты Руслан Чернолуцкий билдирип, Саакашвили камакта отуруп жолдогон катты жарыялады. Анда жарандарга жекшемби күнү Украина президентине импичмент жарыялоо талабы менен акцияга чыгууга чакырык жасалган.

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвилини суракка алуу аяктаганын өлкө прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Анын баш коргоо чарасын кароо боюнча сотко даярдалып жаткан документте электрондук кишен менен үй камагына чыгаруу сунушталган. Баш коргоо чарасы боюнча чечим үч суткада чыгышы керек.

Ички иштер министрлиги Саакашвилини кармоодо күч колдонулбаганын билдирди.

Саакашвили "кылмыш кылууга аракеттенген, адамдардын тобу менен кылмыштуу иштерге атайлап катышкан, кылмыштуу уюмга жардам берген жана анын кылмыш иштерин жашырган" деп айыпталып жатат.

Грузиянын мурдагы президенти азыр Украинада “Жаңы күчтөрдүн руху” деген саясий партияга жетекчилик кылат.

Президент Петро Порошенко 2015-жылы Саакашвилини Одесса облусунун губернатору кылып дайындаганда ага украин жарандыгын берип, бирок өзүнө каршы чыккандан кийин быйыл жарандыктан ажыратып салган.

XS
SM
MD
LG