Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 23:58

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында өрттөн бир аял каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тилсиз жоо 8-декабрда күндүз турак жайлардын биринде чыккан.

Өрт түш ченде башталып, төрт сааттай өчкөн эмес. Аны өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

130 чарчы метр үй толук күйүп кеткен. Куткаруучулар калдыктарды казып жаканда аялдын сөөгүн табышкан.

Кырсыктын себеби жана маркумдун тек-жайы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG