Франс Пресс агенттигинин кабарчысы, британиялык Крис Риклтон Кыргызстанга киргизилбеди. Бул тууралуу журналист Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Соңку жети жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн Риклтон 9-декабрда Дубай аркылуу Коломбодон келген учурда Бишкектеги "Манас" аэропортунда күч кызматкерлери аны өлкөгө өткөрбөй коюшкан.
Ал эртең мененки саат бештен бери аэропортто отурганын, кыргыз бийлиги аны Дубайга депортация кылууга камынып жатканын кечке жуук "Азаттык" радиосуна телефон аркылуу билдирди.
- Мен бүгүн таңкы саат бештерде "Манас" аэропортуна Дубайдан келген учак менен кондум. Мени паспорт текшерген жерден токтотушту. Алар мени барып жүгүңдү ал дешти, чемоданымды алган соң кайрадан паспорт көзөмөлдөөчү жерге келдик. Ал жакта жарым саат күткөндөн кийин мага Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынганын билдим. Андан соң Дубайга түз кете турган кийинки учакка отургузуу үчүн жүргүнүчүлөр кете турган залга жиберишти. Түшүнгөнүмө караганда алар мени келген тарапка депортация кылууга чечим кабыл алышты. Чек арадагылар мага эмне үчүн кирүүгө тыюу салышканын айтышкан жок. Менимче анын себебин алар деле билишпейт. Менден себебин сурашканда мен да айта алган жокмун.
Расмий органдардан анын Кыргызстанга киришине эмне үчүн тыюу салынганын тактоого азырынча мүмкүн болгон жок.
Журналист өзүнүн мамлекетке киргизилбей калышын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чечими деп болжолдойт. Буга негиз кылып, Кыргызстанда иштөөгө аккредитация алууга аракет кылганын, бирок ала албаганын, УКМКга эки жолу суракка чакырылганын кошумчалайт.
Риклтон Кыргызстан жаранына үйлөнгөнүн, кызы бар экенин айтып, кыргыз бийлиги аны өлкөгө кирүүсүнө үмүт артарын айтты. Ал Фейсбуктагы кайрылуусун президент Сооронбай Жээнбековго жолдоду.
Анын Кыргызстандагы досу, Kloop сайтынын негиздөөчүсү Бектур Искендер Риклтон алгач Кыргызстанга 2008-жылы келгенин, 2010-жылдан бери Бишкекте такай жашап жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди.
Риклтон Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде окутуучу болуп эмгектенет. 2015-жылдан бери Франс Пресс агенттиги менен кызматташып, Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарын активдүү чагылдырган.