Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Аскар Акаевге Германияда жумуртка ыргытышканы тууралуу видео тарады


Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге Германиянын Берлин шаарында мекендештери жумуртка ыргытышты. Окуя тартылган видео Интернетке 9-декабрда тарады.

Маалыматка ылайык, Аскар Акаев, жубайы Майрам Акаева жана кызы Бермет Акаева Германиядагы "Kyrgyz Club Germany" уюму уюштурган жолугушууга барган. Ал жактагы кыргыздар менен сырттагы жолугушууда айрымдар Акаевге карата терс пикирлерди билдиришкен. Орусча сүйлөй баштаган Акаевден оюн кыргызча айтууну талап кылышкан. Бирок ал демократиялуу Германияда турганын, каалаган тилинде сүйлөрүн билдирген.

Тасмада колуна "Акаев кет" деген жазуу кармап алгандарды да көрүүгө болот. Чогулгандардын суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан Акаевге бир эркек киши жумуртка ыргыткан. Аны менен Бермет Акаева чырдашып кеткен.

Ошол учурда үч-төрт полиция келип, абалды жайгарган.

Жолугушууну уюштурган "Kyrgyz Club Germany" уюмунун жетекчиси Бакыт Көбегенов Акаевге жумуртка ыргыткан кишини мурда көрбөгөнүн, аны менен полиция сүйлөшөрүн билдирди.

Аскар Акаев президент катары Кыргызстанды 1991-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдын 24-мартында элдик төңкөрүштө бийликтен кулатылган жана Орусияга качкан. Андан бери үй-бүлөсү менен Москвада жашайт. (SE)

XS
SM
MD
LG