Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Жети-Өгүздө мүшөктөн табылган куралдардын ээси изделип жатат


Жети-Өгүз өрөөнү
Жети-Өгүз өрөөнү

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда бир апта мурун мүшөктөн табылган куралдардын ээси изделип жатат. Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубахунов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 4-декабрда Ак-Шыйрак аймагында куралдар салынган мүшөк табылган. Анда ТОЗ-8 үглүсүндөгү эки жана 20, 16 калибрлүү мылтык чыккан. Куралдарды ким калтырганы белгисиз. Факты Жети-Өгүз райондук милициясынын каттоо китебине жазылган.

Кыргызстанда 2010-жылдагы башаламандыктар учурунда күч органдарындагы куралдардын бир бөлүгү элдин колуна өтүп кеткени айтылган.

XS
SM
MD
LG