Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Айсулуу Тыныбекова "Алтын мангуст" сыйлыгынын орденин алды


Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Украинада эл аралык "Алтын мангуст" сыйлыгынын атайын орденин алды. Сыйлоо аземи 9-декабрда Одесса шаарында өткөнүн Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков "Азаттык" радиосуна билдирди. Орден анын дене тарбияга жана спортко кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Тыныбекова Кыргызстанга 11-декабрда келет. Ал 2017-жылы жети турнирге катышып үч алтын, үч күмүш жана бир коло медал утту.

"Алтын мангуст" сыйлыгы 2009-жылы негизделип, алгач украиналыктарга гана тапшырылган. 2012-жылы эл аралык макамга ээ болгон. Аталган сыйлык спортчуларга жана спортко салым кошкондорго берилет.

Нурбек Изабековдун айтымында, буга чейин Кыргызстандын мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевге да ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG